Орусияда коронавируска каршы вакцинаны сыноодон өткөрүүгө катышкан ыктыярчылардын абалы 2 аптада жакшырды

Орусияда коронавируска каршы вакцинаны сыноодон өткөрүүгө катышкан ыктыярчылардын ден соолугу эки аптадан кийин жакшырды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматка караганда, 18-июнда Орусиянын Коргоо министрлиги жана Гамалеи атындагы эпидемиология жана микробиология институту коронавируска каршы вакцинаны сыноодон өткөрүүнү башташкан. Ага коронавирус менен ооруп жаткан ыктыярчылар катышкан.

Вакцина алган бейтаптардын абалы 2 аптадан кийин жакшырган жана терс таасирлери байкалган эмес. Вакцинанын клиникалык сыноосун июль айынын аягына чейин өткөрүүнү пландап жатышкандыгы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KalenAlmaz
2020-07-03 10:02:26
Анда сатыкка чыгаргыла.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан