Орусия авиациясы коронавирус пандемиясынан улам эл аралык каттамдарды чектөөнү июль айынын аягына чейин узартты. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Мындай чечимди Аба каттамынын федералдык агенттиги кабыл алып, чет элдиктердин Орусияга киришине чектөөнү 31-июлга чейин узартууну туура көрүшкөн. Ал эми аталган маалыматты Домодедово аэропорту жана S7 авиакомпаниясы тастыктаган.
Эскерте кетсек, чектөөнүн экспорттук учууларга, жүк, почта, санитардык жана гуманитардык каттамдарга, бош учактарды техникалык кароого алып барууга, өлкө аймагында транзиттик каттамдарга жана өкмөттүн атайын чечими менен аткарылуучу каттамдарга, ошондой эле өлкөдөн чыгып кетүүчү жарандарга тиешеси жок.
Буга чейин департамент 15-июлдан баштап эл аралык каттамдарды жандандырууну сунуш кылган болчу. Июнда Орусия авиациясынын башчысы Александр Нерадько өкмөткө чет жакка учуулардын планын жаңыртууну сунуштаган. Анын айтымында, каттамды КМШ өлкөлөрүнөн баштоого болот. Андан кийин эпидемиялык кырдаалга жараша башка өлкөлөр да кошулмак. Азырынча анын демилгеси колдоо таба элек.
Буга чейин Транспорт министрлигинин башчысы Евгений Дмитрих билдиргендей, баарынан мурда ички каттамдын коопсуздугун текшерип, андан кийин гана чек араларды ачуу керек.