Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумга айыпталуучулар алып келинген жок. Процесс жылдырылды

Бүгүн, 3-июлда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө Кой-Таш окуясы боюнча соттук иш каралмак. Бирок процесс кийинки аптага жылдырылганын мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, айыпталуучулардын алып келинбегендигине байланыштуу, соттук териштирүү 2020-жылдын 6-июль күнү саат 10:00гө жылдырылганы маалымдалат.

Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон ишти изилдеп чыгып, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген.

Анда 14 адам айыпталууда. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу жана Асангелди Какебаев бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан