Хорватияда коронавирустан улам тургундарды "үйдө отургула" деп айтышкан. Бирок бүгүн жер титиреп, жашоочулар көчөдө калышты. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.
Бүгүн, 22-март күнү таңкы убакытта Хорватиянын борбору Загребде зилзала катталган. Бийликтин берген маалыматына ылайык, жердин силкинүүсү 5,3 баллга жеткен.
Кырсыктан эки өспүрүм жабыркаган. Айрым булактар бир өспүрүмдүн абалы оор болгону үчүн бейтапканада каза болгонун жазып жатышат. Көптөгөн имарат жана үйлөрдөн жарака кеткен. Жер титирөө дагы кайталанат деген чочулоодон улам аталган өлкөнүн өкмөтү жарандарына чукул түрдө үйлөрүнөн көчөгө чыгуусун, бирок ошол эле учурда коронавирус жуктуруп албоосу үчүн башка адамдар менен аралыкты сактоону айткан.
"Адегенде коронавирустан улам элди үйдө отургула дегенбиз. Эми көчөгө чыккыла дегенге аргасыз болуп жатабыз", - деген өкмөт башчысы.
Хорватияда 26 адам коронавирус жуктуруп алган, 1 адам каза болгон.