"Канададан келген Кыргыз жаранын "Тез жардам" менен үйүнөн алып кетишти" деген маалымат боюнча министрликтин билдирүүсү

Социалдык тармактар аркылуу "Канададан келген Кыргыз жаранынан коронавирус аныкталып, аны медицина кызматкерлери үйүнөн алып кетишти" деген маалыматтар, сүрөттөр тарап жатат. Интернетке тараган билдирүүгө ылайык, окуя Бишкектеги Көк-Жар кичи районунда орун алган.

Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканыбызда, Канададан Кыргыз жараны келгенин ырастап, төмөндөгүлөргө токтолду.

"Республикалык штабга Канада-Стамбул-Бишкек багытындагы каттам менен 6-мартта Торонто шаарынан А.А. аттуу Кыргыз жараны келгени маалымдалды. Кыргыз жараны Канадада өткөн эл аралык конференцияга катышкан. Конференцияга катышкандардын арасында коронавирус менен жабыркагандар бар экени маалым болду. Мындан улам Кыргыз жаранынын жашаган жерине "Тез жардам" кызматы менен санитардык-эпидемиологиялык борбордун кызматкерлери барышты. Канададан келген жаран республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасына жеткирилди. Анын абалы канааттандырарлык. Андан мазок алынып, 13-мартта саат 18:40та вирусологиялык лабораторияга жөнөтүлдү", - деди маалымат катчы.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
TalaCSKA
2020-03-14 21:16:07
Чет олкодон келген жарандар жопкерчиликтуу болсо эле ушул вирус бизге кирбейт.келгендер эле эмес биз баарыбыз жоопкерчиликтуу бололу.маска, дезинфекция ж.б.у.с нерселерди колдонолу.
+7
marat_1910
2020-03-15 00:24:07
TalaCSKA,маска жок болсо эмне кылабыз
0
TalaCSKA
2020-03-15 03:02:40
marat_1910,бинт марли менен деле жасап алсан болот
+1
Marks
2020-03-14 21:21:24
Ал жарандын чоогу турган туугандарын да козомолго алып, эч жака чыкпай турууну тушундурушсо керек. Кудай сактасын.
+10
aiza1994
2020-03-14 21:27:23
Урматтуу кыргыз элим вирус токтогончо эч жака учпай эле тургулачы, окмот да каттуу жопкерчилик менен конул бурса ушу вируска, озубуз эле алакандай калкпыз ар бир адам коопсуздугуна кайдыгер карабасын, озубуз учун башкасы учун жооптуу мамиле кылалы, ушул убакыттан пайдаланып акча табайын дегендер да уялгыла жок дегенде Аллахтан корккула!
+11
sirenaaaaa
2020-03-14 22:42:49
aiza1994,Кудайым ошол акчаларын адалдап буюрбаса байыганы бир тыйын. Башына бир иш тушсо бир мунотто жок болот акча деген
+4
JaneEr
2020-03-14 23:31:30
aiza1994,ооба десен.Бир кундо продуктуларга акча кошуп жиберишти.
+2
pero5184
2020-03-14 23:28:22
Сөгүнүп сагынгандарга түнүнбөйм
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан