Өлкөдө бир суткада 4 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Бишкекте – 2, Ысык-Көлдө – 1, Чүйдө - 1. Жалпысынан республика боюнча 7 миң 723 медицина кызматкеринен COVID-19 диагнозу аныкталган. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 9 медицина кызматкери айыгып чыкты, үй карантинден – 19 медицина кызматкери айыгып чыкты.