Бишкектин Ленин РИИБинин жетекчиси болуп Жеңишбек Абитов дайындалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин Ленин РИИБинин убактылуу Чыңгыз Керимкулов жетектеп келген.
Жеңишбек Абитов буга чейин Панфилов РИИБинин жетекчиси болуп иштеп келген.
Эске салсак, Ленин РИИБинин жетекчиси Мадияр Кулуев жумуштан бошотулуусу тууралуу өзү да эмне болгонун түшүнбөй калганын SUPER.KG порталына билдирген.