АКШнын Мэриленд штатында катуу шамалдан гаражга кулаган дарактын айынан 19 адам жабыркаган. Алардын ичинен бир адамдын абалы оор экендигин дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Анда жызылган маалыматка караганда, окуя орун алган жерде жалпы 20га чукул адам болгон. Жабыркаган 19 адамдын ичинен 17си чоң киши болсо, 2өө бала.
Окуя болгон жерге куткаруу тобу келип, жабырлануучуларды ооруканага алып кетишкен. Жабыркагандардын ичинен 5 адам олуттуу жаракат алса, 13ү жеңил, ал эми бир адамдын абалы оор экендиги жазылат маалыматта.
Жергиликтүү басылмалардын жазганына караганда, бул адамдар кичинекей балдардын биринин туулган күнүн белгилеп жатып, катуу шамал болгондуктан, гаражга келип жашынышкан.