Кыргыз эл жазуучусу, залкар талант ээси Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов кызына Карима деген ысымды койду. Бул тууралуу социалдык тармакта жарыяланды.
Элдар Айтматовдун жубайы Сабира Айтматова 26-июнда көз жарган. Буга чейин үй-бүлө мүчөлөрү социалдык тармак аркылуу кыргыз элинен наристеге ысым тандоодо көмөк көрсөтүүнү суранышкан. Ошондой эле Сабира Айтматова жакшы ысым сунуштаган адамга белек тартуулоону убада кылган.
Социалдык тармактын колдонуучулары Алтынай, Айша, Амина жана Карима деген ысымдарды сунушташкан.
Үй-бүлө мүчөлөрүнүн талкуусунан кийин Мария Айтматованын (Чыңгыз Айтматовдун жубайы) батасы менен Карима деген ысымды коюшканын Сабира Айтматова социалдык баракчасында жарыялаган.