Дүйнөгө таанымал дизайнерлер менен үлкөн компаниялар акыркы кырдаалга байланыштуу медициналык бет каптардын түрүн чыгарууда.
Сүрөттө америкалык "LEAF" компаниясынын өзгөчө бет кабы. Ал медициналык айнектен жасалган. Ошондой эле абаны тазалоочу дагы фильтр орнотулган. Вирустан, жагымсыз жыттардан коргоочу бул бет кап жогорку суроо талапка ээ болот деген ишенимдер бар. Саркеч адамдар адатта мындай бет каптан кыя өтпөшү бышык.