Бүгүн, 6-июлда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук иш каралмак. Бирок отурум айыпталуучулар алып келинбегендигине жана жактоочулардын келбегендигине байланыштуу кайрадан жылдырылган. Маалыматты мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мекеменин маалымат кызматынан тактагандай, айыпталуучулар СИЗО-1де карантин болуп жатканына байланыштуу алып келинбей жатат. Кийинки соттук териштирүү 8-июль күнү саат 10:00гө белгиленди.
Маалым болгондой, Башкы прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча козголгон ишти изилдеп чыгып, Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берген.
Анда 14 адам айыпталууда. Алардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Канат Сагымбаев, Мээрбек Мискенбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыпбек уулу, Марат Шаменов, Нооруз Капарбек уулу жана Асангелди Какебаевдер бар.