Алгач кара тумоо оорусу Монголияда пайда болгон, эми аталган дарт Кытайдын түндүгүнө жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Кытайдын түндүгүндөгү ички Монголия автономиялык районунун Баян Нур округунун бийлиги 5-июлда кара тумоонун белгилери бар бейтаптын жергиликтүү ооруканадан жардам суроосунан кийин эпидемиологиялык коркунучтун күчөгөндүгүн жарыялады.
Жергиликтүү бийлик бул оорунун адам аркылуу жуга турганын эскертти. Ошол себептүү бийлик аңчылык кылбоого жана жугушу мүмкүн болгон жаныбарларды жебөөгө чакырды.
Буга чейин Монголиянын батышында кара тумоо катталгандыгы жөнүндө маалымат тараган. Оорунун учурлары катталган аймакта карантин киргизилип, унаалардын бир аймактан экинчи аймакка кирүүсүнө жана чыгуусуна убактылуу чектөө киргизилген болчу.