Коңшу Өзбекстандын Самарканд шаарында жарык дүйнөгө келген эки баштуу ымыркай бүгүн, 6-июлда чарчап калды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри билдирген.
"Бүгүн, 6-июлда дарыгерлердин кылган аракетине карабастан, сиам эгиздеринин биринчиси эртең мененки 07:50дө экинчиси 10:50дө дем алуу, жүрөк кемтигинен жана тубаса кемчиликтерден улам чарчап калды", - деп жазылган билдирүүдө.
Буга чейин Өзбекстанда эки баштуу наристе төрөлгөнү тууралуу кабарланган эле.