Орусиянын "Знамя Труда" футболдук клубунун 16 жаштагы дарбазачысы Иван Заборовскийге машыгуу учурунда чагылган түштү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
"Биздеги маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 5-июлда машыгуу учурунда болду. Чагылган жаш дарбазачы Иван Заборовскийге түштү. Ал учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат", - деп билдирген аталган футболдук клубдун күйөрманы.
Ал эми "Знамя Труда" футболдук клубунун башкы директору Игорь Майоров машыгуу учурунда Заборовскийге чагылган түшкөнүн ырастаган. Анын айтымында, футболчу азыр комада жатат.