Wealth-X консалтинг компаниясынын аналитиктери дүйнөнүн алдыңкы миллиардерлери кайсы шаарларда көп жашарын аныкташты. Бул туурасында аталган компаниянын расмий сайтына жарыяланган.
Ага ылайык, миллиардерлер отурукташкан шаарлардын сап башында Нью-Йорк турат. Анда 113 миллиардер жашары белгилүү болгон. Андан кийин 96 миллиардер менен Гонконг шаары турат. Сан-Франциско шаарында 77, Москва шаарында 73, Лондондо 66 миллиардер жашайт. Кытайдын борбору Пекинде 57 миллиардер, Сингапурда 45, Лос-Анжелесте 44, Дубайда 35, Бразилиянын Сан-Паулу шаарында 33, Стамбул жана Ханчжоу (Кытай) шаарларында 32ден миллиардер жашаса, Токиодо 30 миллиардер жашайт.