Бишкектеги Келечек жаңы конушундагы үйдү тоногонго шектелип, 3 кыз кармалды. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 6-июлга караган түнү саат 03:30 чамасында болгон. Анда аталган конушта бир үйдү тоноп кетти деген чакыруу келип түшкөн. Айтылган дарекке патрулдук милициянын кызматкерлери барганда үйдө жашаган Б.В. аттуу өспүрүм кызды 3 кыз карактап кеткенин айтышкан.
"Шектүү кыздар үйдүн эшигин сындырып кирип, 16 жаштагы өспүрүм кызды бычак менен коркутуп, баасы 10 миң сом турган телефонун, паспортун жана косметикаларын алып кетишкен. Көп өтпөй эле инспекторлор кылмышка шектүү катары 16, 18 жана 20 жаштагы кыздарды кармашкан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "карактоо" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.