Бишкекте күндүзгү стационардык пункттарда кошумча 200 койка-орун даярдалды

Бишкекте күндүзгү стационардык пункттарда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан кошумча 200 койка-орун даярдалды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Кошумча орундар төмөнкү стационарларга жайгаштырылды:

  • Биринчи Май району (Лумумба көчөсү, №83 мектеп) 50 койка-орун;
  • Свердлов району (Дордой-13, 487/4 №94 мектеп) 50 койка-орун;
  • Октябрь району (Анкара көчөсү 15, "Сейтек" мектеби) 50 койка-орун;
  • Ленин району (Жайыл Баатыр көчөсү, «Газпром» дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси) 50 койка-орун.

Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук башкармалыгынан 40тан ашуун куткуруучу, бир авариялык куткаруучу унаа жана шаардык жарандык коргоо кызматынан 3 жүк ташуучу унаа алып келинди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан