Акыркы кезде өлкөдө орун алган эпидемиологиялык абалга байланыштуу каза тапкан адамдардын саны көп болуп, мындан улам мүрзөлөрдө жер калбай калды. Табылса дагы казганга адам жок. Мындай маалымат социалдык тармактарда жарыяланган.
Ага улай маркумду жайына берүү үчүн жерлер сатылып жатат, алардын баалары 3 миң доллардан 20 миң долларга чейин деген билдирүүлөр дагы тараган.
SUPER.KG порталы маалыматты тактоо үчүн мэриянын астындагы "Бишкек шаардык аза кызматтары агенттигинин" жетекчиси Аскербек Алиевге байланышканыбызда, Бишкектеги түштүк-батыш көрүстөнүндө чындыгында эле орун калбай калганын билдирди.
"Бул жайда жердин жок болушу эпидемияга деле байланыштуу эмес. Аталган көрүстөн 30-40 жыл мурун ишке берилген. Андыктан анын толуп калганына көп эле болду. Учурда маркумдардын көбү Сокулук жана Аламүдүн районундагы көрүстөндөргө коюлат. Ал эми акыркы кезде коронавирус менен пневмониядан улам көз жумгандар Аламүдүн районуна караштуу Гроздь айылында жаңы ачылган көрүстөнгө алып келинүүдө. Бирок маркумдар убагында эле жерге берилип жатат. Маркумду жерге берүү кызматтары үчүн бекитилген баалар бар. Мисалга алсак, коронавирустан көз жумгандарды жайга берүүдө 10 миң сом керектелет. Себеби мындай учурда сөөктү коюуда кошумча коопсуздук чаралары каралган. Алсак, коргоочу кийимдер жана дезинфекциялоочу каражаттар керек. Маркумдарды ташып келгендерге, жер казгандарга адаттан көбүрөөк акы берилет. Ал эми башка себептер менен көз жумгандар үчүн мусулмандарга 7 жарым миң сом (жер көбүрөөк кетет), славян улутундагыларга 6000 сом керектелет", - дейт Аскербек Аалиев.
Мындан тышкары түштүк-батыш көрүстөнүнүн башчысы Чыңгыз Апасов төмөндөгүлөргө токтолду:
"Социалдык тармактарда тарап жаткан маалымат боюнча, өлгөн адамдар көбөйүп, көмүүгө жерлер калбай калып жатыптыр деп элди дүрбөлөңгө салып жатышыптыр. Түштүк-батыш көрүстөнүндө орун жок болгону менен башка жайларда бар. Менин билишимче, шаар ичинде маркумду жерге берүү боюнча маселе жарала элек", - дейт Апасов.