Өлкөгө эки аптанын ичинде 2 жарым миңден ашык кычкылтек концентратору алып келинди

Эки аптанын ичинде гуманитардык жардам жана бюджеттик каражаттын негизинде 2 миң 500дөн ашык кычкылтек концентратору алып келинди. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова онлайн брифинг учурунда айтты.

"Эки аптанын ичинде гуманитардык жардам жана бюджеттик каражаттын негизинде 2 миң 500дөн ашык кычкылтек концентратору алып келинген. Бүгүнкү күндө жабдыктар аймактарга таратып берилди", - деди Исмаилова.

Алынган концентраторлордун республика боюнча бөлүштүрүлүшү:

Баткен облусу - 157;
Жалал-Абад облусу - 371;
Нарын облусу - 99;
Ысык-Көл облусу- 402;
Ош облусу- 340; Талас облусу - 75;
Чүй облусу - 270;
Бишкек шаары - 396;
Ош шаары - 177.

Мындан сырткары, республикалык дарылоо алдын-алуу мекемелерине 140 кычкылтек концентратору берилип, дагы 50 концентратор резервде турат.

Анын айтымында, мамлекет кычкылтек концентраторлорун гана эмес стационарларга керек болгон дагы башка жабдыктарды да сатып алат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан