Москвада жаңы төрөлгөн ымыркайдан коронавирус табылды

31-мартта Москва шаарындагы төрөтканалардын биринде жаңы төрөлгөн ымыркай кыздан коронавирус аныкталган. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, дарыгерлер кыздын апасынан тест алган учурда андан дагы коронавирус аныкталган. Ымыркай кызды убактылуу башка оорукананын өзүнчө бөлүмүнө өткөрүп беришкен. Учурда кыздын абалы канааттандырарлык экени, апасы экөө дарыгерлердин өзгөчө көзөмөлүндө болуп жатканы жазылат маалыматта.

Акыркы маалыматтар боюнча, Орусияда 2 миң 777 адам коронавирус жуктуруп алган жана 24 адам бул оорудан каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KalenAlmaz
2020-04-02 14:28:22
Наристелер оорубасын,кудайым озу шыпаасын берсин амин.
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан