АКШда TikTok тиркемесин колдонууга тыюу салынышы мүмкүн

АКШ TikTok тиркемесин колдонууга тыюу салышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

"Биз буга өтө олуттуу мамиле кылуудабыз жана сөзсүз түрдө бул маселени карап чыгабыз" деп билдирген АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.

Анын пикирине караганда, тиркемени колдонууну токтотуу мүмкүнчүлүктөрүн карап жатышат. Мындан сырткары TikTok тиркемесин эгерде адамдар жеке маалыматы "Кытайдын коммунисттик партиясынын" колуна түшкөнүн кааласа, колдонсо болорун кошумчалаган.

Эске салсак, буга чейин Индия TikTok тиркемесин колдонууга тыюу салган.

TikTok тиркемеси 2015-жылы Кытайда ишке киргизилген. Бүгүнкү күндө бул тиркеме социалдык тармактын колдонуучулары арасында популярдуу.

Акыркы эсептөөлөр боюнча, дүйнө жүзүндө TikTok колдонуучуларынын саны 700 миллиондон ашат. Аны 150гө жакын мамлекеттин адамдары колдонушат. Расмий маалыматка караганда, АКШда 30 миллиондон ашык адам бул тиркемени колдонот. Жакынкы жылдары популярдуулугу Инстаграмдан да ашат деген божомолдор айтылып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Nargizab
2020-07-07 17:26:37
Бизде да тыюу салса колдомокмун.
+14
Istina1000
2020-07-07 17:48:15
Биз да тыюу салынса жакшы болот эле. Жаш балдардын психикасын бузуп жатат.
+9
AdylbekB84
2020-07-07 18:16:50
Дүйнө жүзү кытайдан чыккан нерселерге каршы чыгып чөгөлөтпөсө, башка жол менен эч ким кытайды чөгөлөтө албайт!
+5
Assalomuallekum
2020-07-07 18:53:09
Бир ютуп калса болмок колдойт элем аныда 18+жогору болсун
+3
Aizirek01
2020-07-07 19:05:32
Тиги фри фаер,пабж дегендерди да туп тамыры менен жок кылыш керек.3-4-5-6-класстын балдары ойноп бут психикасы бузулуп жатат
+9
Birimdik5555
2020-07-07 20:06:40
Aizirek01,балдар эле эмес чопо чон кишилер да ойноп атышат
+4
akmanai
2020-07-08 00:37:37
Тушунуп атасынарбы. Тик токко катталган адамдын озу жонундогу маалыматтар Кытайдын бир партиясында сакталат экен. Максаты эмне? - деген суроо туулат.
+2
Zhiidegul_Abdinazarova
2020-07-08 10:03:09
Бул жакта бөлүнүү, уруш-талаш, чыр-чатактар да көп болот экен. Бизге да тыюу салып койсо жакшы болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан