Бишкекте 15 жаштагы өспүрүм кыз атасы тарабынан сабалып, каза болду

Бишкекте 15 жаштагы өспүрүм кыз атасы тарабынан сабалып, каза болду. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-июль күнү болжол менен саат 09:02 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына шаардагы кичи райондордун биринде атасы кызын сабап, анын жансыз денеси жатат деген маалымат келип түшкөн.

"Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери менен Октябрь РИИБинин кызматкерлери барып, 2005-жылы туулган А.А. аттуу кыз алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгонун аныкташкан. Көрүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1971-жылы туулган Б.С. аттуу кыздын атасы кармалган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
TIMON_BERKOWITZ
2020-07-07 15:41:24
Баланы токтоно албай урганды качан коебуз? Кандай адам болсо да бала өзүбүздүн күзгүбүз.
+3
rola
2020-07-07 19:09:21
Ээ тооба кылдык.Заманга шылтайбыз адамдар озубуз пейилибиз бузулду.
+2
Arman007
2020-07-08 00:55:07
Баланы ошончо сабаганга кантип колун барды , андан коро озунду урбайт белен ,пейилибиз бузулдубу ? Эмнелер эле болуп жатат олкодо Аллах кечирсин кылган иштерибизди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан