Кемин районунда 12 жаштагы бала Чүй суусуна түшүп кетип каза болду

Кечээ, 6-июлда Кемин районунун Нур айылындагы Чүй суусуна 2008-жылы туулган бала түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Окуя болгон жерге Кемин райондук №5 жана Токмок шаардык №21 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылган. 7-июль күнү издөө иш-чараларын жүргүзүүгө саат 06:00дө Кемин райондук №5 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучуларынан 5 куткаруучу, саат 07:00дө чек ара кызматынан 2 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, саат 07:43тө маркумдун жансыз денеси табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан