АКШда дүйнөдөгү эң узак жашаган сиам эгиздери каза болду

АКШда эң узак жашаган сиам эгиздери Ронни жана Донни Галион 68 жашында каза болду. Алар сиам эгиздеринин ичинен эң узак жашаган эгиз катары дүйнөлүк рекорд коюшкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Ронни жана Донни 1951-жылы 28-октябрда төрөлгөн. Алардын жыныс органы жана ичеги-карыны бир болгону менен жүрөгү, ашказаны, колу жана буту өзүнчө болгон. Бала кезинен баштап 1991-жылга чейин медициналык керектөөлөрүн камсыздоо үчүн жарманкелерде иштеп келишкен. 2010-жылы башка шаарда жашаган бир тууганынын үйүнө көчүп кеткенге чейин алар өз алдынча жашап, эмгектенип келишкендиги айтылат. "Жашоодогу кыйынчылыктарга карабастан, алар ар бир күнүн бактылуу өткөрүүгө аракет кылышкан" деп эскеришкен жакындары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан