Бишкек шаарынын аймагында 1-июлдан 5-июлга чейин 2 миң 570 айдоочу жол эрежесин бузган. Бул тууралуу патрулдук милициянын басма сөз кызматынан билдиришет.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен 34 айдоочу мас абалында унаа башкарып бара жаткан жеринен кармалган.
Айнегин караңгылаткан 8, айдоочулук күбөлүгү жок 45, ал эми ар кандай жол эрежесин бузган 2 миң 483 айдоочу кармалган. Алардын ичинен 417 унаа айып короосуна токтотулган.