Японияда катуу жааган жамгырдын кесепетинен 57 адам каза болду

Японияда катуу жааган жамгырдан улам 57 адам каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, узак убакытка жааган жамгырдын кесепетинен Кумамото префектурасындагы Кюсю аралы көбүрөөк жапа чеккен. Анда нөшөрлөгөн жаандан улам суу ташкынынын болушуна алып келген. Жаратылыш кырсыгы 57 адамдын өмүрүн алды. Алардын ичинен көпчүлүгү Кумамото префектурасындагы Кюсю аралынан. Дагы 10 адам белгисиз болуп жатат.

Ишемби күнү эртең менен Япониянын түштүк-батышында нөшөрлөп жааган жамгыр суу ташкынына алып келген. Окуя болгон жерде куткаруучу топтор иштеп жатат деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rola
2020-07-09 10:17:51
Айттырбай келген кырсыктан Кудай сактасын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан