"Себепсиз көчөгө чыгууну, жолугушууларды токтотуп туруубуз зарыл". Бишкек шаарынын мэри шаар тургундарына кайрылды

Бүгүн, 8-июлда Өкмөт үйүндө Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов шаардагы эпидемиологиялык абал тууралуу онлайн маалымат жыйын берди. Анда мэр шаарда эпидемиологиялык абал курч болуп жатканын айтып, шаар тургундарын себепсиз көчөгө чыгууну, ар кандай жолугушууларды азайтып туруу зарыл экенин айтты.

"Урматтуу шаар тургундары! Пандемия азайганга чейин же коронавируска каршы вакцина чыкканга чейин өзүбүздү изоляциялоонун катуу режимине баш ийип, себепсиз көчөгө чыкпай, бардык жолугушууларды токтотуп туруубуз зарыл. Азыркы учурда улгайган жана өнөкөт оорусу бар адамдарды изоляциялоо өтө маанилүү. Балдарды үйдөн чыгарбаңыздар. Алар сырткы короодо сейилдеп ойногусу келет. Бирок баланы көчөгө чыгарып, анын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч алып келесиздер", - деди шаар мэри.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан