"Ухан вирусу": Дүйнө жүзүндө коронавируска кабылгандардын саны 12 миллиондон ашты

Бүгүн, 9-июлга карата дүйнө жүзүндө COVID-19 илдети менен жабыркагандардын саны 12 миллион 7 миң 327ни түздү. Анын ичинен 6 миллион 539 миң 99 бейтап ооруну жеңип чыкты. Тилекке каршы, бул оорудан 548 миң 799 адам каза болду.

АКШда коронавирус менен жабыркагандардын саны 3 миллион 51 миң 427ге жетти. Айыккандар - 953 миң 420, каза болгондор - 132 миң 256.

Ал эми Бразилияда вирус 1 миллион 713 миң 160 адамга жукту. 1 миллион 117 миң 29 бейтабы ооруну жеңсе, 67 миң 964 бейтабы кайтыш болду.

Индияда 742 миң 417 адам вируска кабылган. 456 миң 831 бейтап оорудан сакайган. Тилекке каршы, 20 миң 642 бейтап көз жумган. Мындай көрсөткүч менен Индия дүйнөлүк статистикада 3-орунда турат.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан