Бишкекте жол жээгиндеги дубалды жана андан ары бүтө элек үйдү сүзүп токтогон Lexus 570 унаасынын айдоочусу ооруканада

Бишкекте Lexus 570 унаасы жол жээгиндеги дубалды жана андан ары бүтө элек үйдү сүзүп токтогон. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-июль күнү болжол менен саат 13:00 чамасында 1971-жылы туулган С.Т. аттуу жаран Lexus 570 үлгүсүндөгү унаасы менен Сары-челек көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып, Бельская көчөсүнүн кесилишинен унаасын башкара албай, жол жээгиндеги дубалды жана андан ары бүтө элек үйдү сүзүп токтогон.

Натыйжада унаанын айдоочусу жана бир жүргүнчүсү жабыркап, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Унаа айып короосуна токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
stal.ks
2020-07-09 08:01:43
мода болтабы сузуп токтогон джиптерге
+2
Jelezo
2020-07-09 08:48:37
Джип сыноо боюнча сынак жарыяланганбы?
+3
Shef87
2020-07-09 09:10:37
Көптү да кыргыз куюндап
+3
bond02
2020-07-09 10:20:51
Кээ бироолор эшек минип журуп эле ата энеси же башка бир оной жолдор менен джипке отуруп калды да, анан козу тумандап калган.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан