АКШдагы Калифорния университетин тарыхта биринчи жолу теги африкалык болгон адам жетектейт. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Жазылган маалыматка ылайык, АКШдагы эң ири жогорку окуу жайлардын бири Калифорния университетинин президенти болуп 69 жаштагы Майкл Дрейк дайындалмакчы.
Дрейк кызматы тууралуу кабарды укканда "мен толкунданып жатам жана иштөөгө даярмын" деп билдирген.
Калифорния университетин Жанет Наполитано 2013-жылдан бери жетектеп келген.