Бишкектеги күндүзгү стационарлар күчөтүлгөн режимде иштеп, курч респиратордук вирустук инфекция менен жабыркаган бейтаптарды кабыл алууда. Борбор калаадагы 9 стационар жалпы 8 миң 86 оорулууну кабыл алган. Анын ичинен 6 миң 673 жаранга тамчылатма жана ийне саюу кызматы көрсөтүлсө, 1 миң 349 адамга медициналык кеңеш берилген. Ал эми 57 адам ооруканага жаткырылган.
Шаардык мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 8-июлда Свердлов районунун ооруканаларында үч өлүм катталды. Муну менен стационарлар ишке кирген күндөн тарта бардыгы болуп 7 адам көз жумган.
Бүгүнкү күндө 9 стационарда 57 дарыгер, 83 медайым, 17 санитар иштейт.
Менчик сектордун колдоосу менен шаардык мэриянын ооруканаларына 36 кычкылтек концентраторлору орнотулган.