"Алланын каргышына калат". Муфтият дары-дармектин баасын негизсиз көтөрүп жаткандарга кайрылуу жасады

Буга чейин социалдык тармактарда өлкөдөгү азыркы кырдаалга байланыштуу кээ бир дарыканалар элге керек болуп жаткан дары-дармектердин баасын негизсиз көтөрүп сатып жатканы баарыбызга маалым. Бааны негизсиз көтөргөндөр Алланын каргышына калат. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

"Эл ооруп, дары-дармекке муктаж болуп турган учурда кээ бир уятсыз адамдар элдин кыйналган абалынан пайдаланып, акча таап калгысы келүүдө. Мындай иштер Аллага жакпаган амал болуп эсептелинет. Мухаммад пайгамбарыбыз ага Алланын саламы жана салаваты болсун: “Азык-түлүк алып келүүчүнүн (соодагерге) ырыскысына береке берет. Баасын көтөрүп, көбүрөөк пайда табам дегендер Алланын каргышына калгандар", - деп билдиришти Муфтияттан.

Буга чейин, Бишкек шаарындагы Фучик көчөсүндө жайгашкан дарыкананын бири Гепарин дарысын кымбат баада сатып жатканы аныкталгандыгы кабарланган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Tyty1990
2020-07-17 18:19:59
Кудайдан коркпогон акмак чала коммерсанттар кылып жатат
+8
BarsBaatyr
2020-07-17 18:49:32
Алладан коркпогондор жасап жатат да.
+8
i1urp
2020-07-17 20:48:07
Адам озу кылмышкер болуп туулат. Мыйзам иштебеген жерде ушундай бардак боло берет. Ага дин деле жардам бере албайт.
+2
ilgizk
2020-07-17 22:07:47
Беш күндүк өмүрдө АЛЛАХка кыянат кылбагыла.
+3
algakaray
2020-07-18 04:17:56
Эми ушундан пайда таап жыргап кетпейт деле да. Пейили кетип калган адамдар булар кудай эмне экенин билбейт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан