13 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкекте - 7, Баткен облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 1, Чүй облусунда – 3.
Жалпысынан республика боюнча 7 миң 627 адамдан COVID-19 диагнозу аныкталды. Жалпысынан республика боюнча – 7 миң 76 медицина кызматкери айыкты.