АКШда абаны коронавирустан тазалоочу чыпка иштелип чыкты

АКШнын Хьюстон университетинин окумуштуулары коронавирусту жок кылган аба чыпкасын иштеп чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, никелдик пенопласттан жасалган чыпка коронавирусту кармап, жок кылуу үчүн 200 градуска чейин ысытылат. Мындай чыпкадан өткөн аба бир эле вирус эмес, башка дагы көптөгөн инфекциялардан да тазалайт.

Галвестон улуттук лабораториясында жүргүзүлгөн буга чейинки эксперименттер абадагы вирустун 99,8 пайыздан ашыгын чыпкалаганын далилдеди. Ал эми вирус никель көбүгүн колдонуу аркылуу жок кылынат.

Изилдөөнүн авторлорунун бири профессор Жифенг Рендин айтымында, жаңы чыпка келечекте учактарда, поезд, аэропорт жана автобекетте, круиздик лайнерлерде, кеңселерде жана мектептерде колдонулушу мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан