"2 жылга соттолот". Тажикстанда аскер кызматын өтөп жаткан жоокер үйүнө кетиш үчүн 17 таш жутуп алды

Коңшу Тажикстандын аскер бөлүктөрүнүн биринде кызмат өтөп жаткан жоокер оорулуу деп табылып, андан ары өтөп жаткан аскер кызматынан бошош үчүн 17 майда таш жутуп алган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Ага ылайык, жоокер 2019-жылы ноябрда аскер кызматына чакыртылган. Келгенден бир ай өткөндөн кийин ал 7 даана майда таш жутуп, Тажикстандын Коргоо министрлигинин борбордук аскер госпиталынын хирургиялык бөлүмүнө жаткырылган. Ооруканада жаткан убакта дагы 10 даана таш жутуп алган.

Натыйжада, ал Тажикстандын кылмыш-жаза кодексинин 376-беренесинин 2-бөлүгү (өзүнө өзү кол салуу жолу менен аскер кызматын өтөөдөн баш тартуу) менен күнөөлүү деп табылды.

Дүйшөмбү шаардык гарнизондук аскер соту аны эки жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talaa11
2020-07-09 20:49:56
Тажаганго байкуш бала
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан