Бишкекте "Тынчтык жана шайкештик" аттуу даректүү тасмалардын фестивалы болот

12-14-сентябрь күндөрү Бишкекте "Тынчтык жана шайкештик" аттуу даректүү тасмалардын фестивалы болот. Бул иш-чаралар жаштарга Кыргызстандагы чыр-чатактардын негизги себептерин жана аларды тынчтык жолу менен жөнгө салууну түшүндүрүү максатында, ЮСАИДдин колдоосу менен өткөрүлөт. Фестивалга жогорку окуу жайлардын студенттери жана тажрыйбасы 5 жылдан ашпаган жаш кинорежиссёрлор катышат. Мыкты тартылган 3 тасманын ээлери сыйланат. Фестивалдын ачылыш аземи жана сынакка катышып жаткан даректүү тасмаларды көрсөтүү 12-сентябрда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде саат 14:00дөн 17:00гө чейин өтөт. Ал эми 13-сентябрда фильмдерди көрүү жана талкуулоо иш-чаралары Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде саат 12:30дан 14:30га чейин болот. 14 сентябрда тасмаларды көрүү жана талкуулоо иш-чаралары Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде саат 10:00дөн 11:30га чейин болмокчу. Фестивалдын жыйынтыгын чыгаруу 14-сентябрда Бишкек шаарынын эски аянтында саат 18:00дөн 20:00гө чейин өтөт.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан