2-июлдан бери дайынсыз болуп жаткан Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын мэри Пак Вон Сонгдун жансыз денеси полиция тарабынан табылды. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал өз жанын кыйган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Пак Вон Сонг бейшемби күнү телефонун өчүрүп коюп чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын анын кызы полицияга кабарлаган. Шаардык администрация мэр жумушка келбегендиктен, ушул күнгө пландаштырылган бардык жолугушууларды жана иш-чараларды жокко чыгарган.
Байкоочу камера мэрди жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:53тө Сонбук-гу аймагындагы токойдун кире беришинде байкап калган жана ал жерде анын уюлдук телефонунан сигнал акыркы жолу жазылган.
Мэрди издөө ишине 600гө жакын полиция кызматкери жана өрт өчүргүчтөр катышып, операцияга дрондор жана полиция иттери тартылган. Анын өлүмүнүн себеби азырынча белгисиз.
Пак Вон Сонг 2011-жылдан бери Түштүк Кореянын борборунун мэри болуп келген. Ал укук коргоочу жана бир катар коомдук, жарандык уюмдардын негиздөөчүсү болгон.