Баткен облусу боюнча сутка ичинде коронавирус аныкталгандар кайсы райондордон экени айтылды (тизме)

Акыркы бир сутка ичинде Баткен облусунда коронавирус инфекциясы дагы 20 адамдан аныкталып, облус боюнча жалпы инфекция жуктуруп алгандардын саны 213кө жетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде облус боюнча коронавирус аныкталган 20 адамдын ичинен:

Баткен шаарында - 4 (жалпы 42);

Кызыл-Кыя шаарында - 7 (жалпы 62);

Кадамжай районунда - 8 (жалпы 56);

Лейлек районунда - 1 (жалпы 39) адамдан инфекция аныкталган.

Бүгүнкү күнгө чейин ооруканалардан облус боюнча 71 жаран айыгып чыкса, тилекке каршы 3 адам каза болду. Учурда изоляцияда 72 адам, амбулатордук изоляцияда 70 адам дарыланууда. Облус боюнча обсервацияда 69 жаран бар жана жалпы 17 миң 971 адамдан анализ алынды.

Ал эми 41 адамдан пневмония оорусу аныкталып, дарыланууда. Бул коронавирус оорусу тастыкталган жарандардан сырткары.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Qwerty2018
2020-07-09 23:14:31
Оплус
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан