"2000 сомго ун албагыла, Казакстанда ун жыйылып турат" дейт интернет колдонуучу

Социалдык тармактын колдонуучусу "Казакстанда ун, күрүч, гречка кабы менен жыйылып турат, 2000 сомго ун албагыла" деген видеону таратты.

Автордун айтымында, видео Казакстандагы кампалардын биринде тартылган. "Казакстанда ундун баасы 1200-1250 сом, Бишкекке жеткирип берүү акысы менен ашып кетсе 1500 сом болот. Дүрбөлөңгө түшүп, 2000 сомго ун албагыла. Баанын жогорулашы соодагерлердин "чыгармасы", - дейт ал.

Видеодон ун, гречка жана күрүчтүн кабы менен жыйылып турганын көрүүгө болот. Ошондой эле өсүмдүк майынын запасы дагы көп экенин айтат видеонун автору.

"2000 сомго ун албагыла, ундар жыйылып турат"
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
sirenaaaaa
2020-03-15 10:18:50
Базарда гана баа туруксуз болбосо Акун магазин кантип бааны которосун, жон эле адамдар паника болуп бааны которуп салышты. Соодагерлер учурдан пайдаланып жыргашты. Бишкектеги чон"Бишкек нан" деген ишкана ун бир жылга бир жолу бир убакта эле алып коет
+7
zhykyo
2020-03-15 10:35:30
Унду анан кучактап коюп жатасынар мушоктоп таашып кеткендер.
+11
Bars88
2020-03-15 11:14:05
Ушу ун алгандар ушу убакка келип ундан нан бышырып жешиппи озу.Же эл дурбосо эле баса калыштыбы унду
+6
Tiken
2020-03-15 11:44:06
Дордойдон 1800дон талап жатабыз)))
+2
Omar.
2020-03-15 11:49:36
Tiken, Сүйүнүп алганын кара мунун, 1200 сомдук унду неге 1800 алып атабыз деп ойлонбодуңарбы?
0
Patoshik1
2020-03-15 13:36:20
Omar.,))))))))) 1800 азыр. 1200 эмес!!!
-1
Omar.
2020-03-15 15:50:09
Patoshik1, 1800 эмес 1400 сомдон жогору сатылбасын деди, албасаң деле ачка калбайсың тытынбай эле кой.
+1
Patoshik1
2020-03-15 20:00:09
Omar.,акчан жетпесе кутуп отура Бер 1400 го бар имиш гоо деп коюп))))
-1
Patoshik1
2020-03-15 13:33:17
Tiken,ооба тууган, мен 1900го таптым бугун ))))
0
aydinnur
2020-03-15 13:33:29
Пейилибиз кетти десе арданабыз,анан да мусулманбыз дейбиз..,мусулманга тиешелуу ынсап кана?Бааны кымбаттатып,боодо кырсыктан пайда жасап жаткандар,тозокто гана куйосунор го..
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан