"Чалдовар" көзөмөл өткөрүү бекетинде вируска каршы колдонулуучу дарыларды өлкөдөн чыгарып кеткенге аракет кылгандар кармалды

"Чалдовар" көзөмөл өткөрүү бекетинде Mercedes-Benz Sprinter автоунаасынан вируска каршы колдонулуучу медициналык препараттарды өлкөдөн чыгарып кеткенге аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Финполициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар дары-дармектерди алма салынган коробканын астына катып бара жатышкан.

"Финполициянын Жайыл жана Чүй райондук бөлүмүнүн кызматкерлери УКМК жана Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте дары-дармектерди мыйзамсыз чыгарып кетүүгө каршы иш-чара өткөргөн. Анда "Чалдовар" өткөрмө бекетинен Казакстандын жараны башкарып бара жаткан Mercedes-Benz Sprinter унаасы токтотулган. Унааны текшерүүгө алганда, алма салынган коробкалардын астынан вируска каршы колдонулуучу эуфиллин дарысынан 520 таңгак жана левомакс препаратынан 460 таңгак табылган. Анын тиешелүү документтери жок болуп чыккан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, унаа айып короосуна токтотулду", - деп жазылат маалыматта.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
alym21
2020-07-10 07:45:47
Кыргыз элинин душмандары
+13
Topcubai
2020-07-10 09:03:25
Саткындар.Өзүбүз араң турганда булардын кылган кылыгын кара.
+6
Krai
2020-07-10 10:22:26
Бул эшектерге өлкөнүн абалы кыргыз элинин саламаттыгынан өзүнүн чөнтөгү жогору турат экен да өзүмчүл болгон кыргыз элинин душмандары ушуга окшогон айбандарды атып эле салыш керек.ушундай маалда ушул ишти кылгандар өмүрү жакшы иш кылбайт.
+3
Mintip-menu-suybo
2020-07-10 12:12:08
Озубузго жетпей жатса...
0
nurhan2702
2020-07-11 18:49:24
Эмнеге Алла Таала ушуга окшогон эл душманы, кара ниет адамдарды оорутпай атат. Март айында бизде маскалар жетишсиз болуп аткан кезде ,Кытайга маска жонотуп жургон Адам квартира сатып алды. Башты чайкап гана кала бердик,укканыбызга ишенбей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан