Социалдык тармакта кенгурунун эмоционалдуу кыска видеосу пайда болду. Анда бир кенгуру башка кенгуруга агрессивдүү мамиле жасап жаткандыгы тартылган. Көпчүлүктүн көңүлүн бурган видео өзгөчө Инстаграм баракчасында популярдуу болуп, 3 миллион кароо болгондугун дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
Видеодон кенгуру өзүнүн сүйүктүүсүнүн "таманын өөп" жатканын көрүүгө болот. Ага жооп кылып экинчиси агрессивдүү мамиле кылган. Бул видео социалдык тармактын колдонуучуларынын талкуусунда калды.