Бишкекке Орусиядан 192 Кыргыз жараны кайтып келди

Бүгүн, 10-июлда Новосибирск–Бишкек багыты боюнча Орусиядан 192 Кыргыз жараны өлкөгө кайтып келди. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

"Кайтып келген жарандар "Авиатрафик" авиакомпаниясынын Новосибирск–Бишкек багыты боюнча учуп келишти. Алардын арасында жаш балдар да бар.

Жүргүнчүлөрдүн тизмесин түзүү гуманитардык критерийлер боюнча Кыргыз жарандарынын жеке арыздарынын негизинде, анын ичинде кош бойлуулар жана жаш балалуу аялдар, улгайган адамдар, Новосибирск клиникасынан операция болгондор, Сибирдеги жогорку окуу жайларда окуган студенттер, ошондой эле Кыргыз өлкөсүндөгү медициналык мекемелерге COVID-19 илдети менен күрөшүүгө көмөктөшүүчү ыктыярчы – дарыгер, медайымдар киргизилди", - деп жазылат маалыматта.




Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан