Өлкөдө коронавирус жуктурган 300дөн ашык кош бойлуу жана төрөгөн аялдар дарыланып жатышат

Кыргыз өлкөсүндө 300дөн ашык кош бойлуу жана төрөгөн аялдар коронавирус инфекциясын жуктуруп алып дарыланып жатышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына профессор Арсен Аскеров билдирди.

"Өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алып, ооруканага жатып айыгып чыккан кош бойлуу жана төрөгөн аялдардын саны болжолдуу 200дөн ашык. Ал эми инфекция аныкталып каза болгон кош бойлуу аялдардын саны болжолдуу 8. Учурда ооруканада дарыланып жаткан кош бойлуу жана төрөгөн аялдардын саны 300дөн ашык", - деди Аскеров.

Мындан тышкары, ал өлкөдө коронавирус инфекциясы менен төрөлгөн ымыркайлар боюнча расмий маалымат жок экенин, бирок 1-2өө катталганын кошумчалады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан