Коронавирустун айынан Кытайда бокс боюнча олимпиадага тандап алуу оюндары жылдырылды

Кытайда тарап жаткан коронавирустун айынан бокс боюнча "Токио 2020" олимпиадасына тандап алуу беттеши жылдырылды. Бул тууралуу Тажикстандын олимпиадалык комитети жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, турнир вирустун очогу болгон Ухан шаарында 3-14-февраль аралыгында болуп өтмөк. Эл аралык олимпиада комитетинин билдиргенине караганда, Кытай Эл Республикасынын олимпиадалык комитети бул турнирди Кытайдын башка шаарында же башка мамлекетте өткөрүүнү карап жатышат. Мелдешке кыргыз спортчулары дагы катышмак.

2019-жылдын декабрь айында коронавирус чакырган пневмония оорусу Кытайдын Ухан шаарында катталган. Андан бери бул ооруга чалдыккан адамдардын саны күн санап өсүп жатканы айтылат. Чет элдик басылмалардын акыркы маалыматтарына ылайык, вирустан 17 киши каза болсо, 600гө чукул киши вирусту жуктуруп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Altyn.bala
2020-01-24 08:35:36
кудай сактасын.Кытайдын башка шаарына эмес,башка эле мамлекетте откорушсунчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан