"Мен үй-бүлөмө азап берип жатам". Токойдон жансыз денеси табылган Сеул шаарынын мэринин каты табылды

Өз жанын кыйган Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын мэри Пак Вон Сонгдун иш бөлмөсүнөн анын акыркы жолу жазып калтырган каты табылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"Баарыңыздардан кечирим сурайм. Өмүр бою мени менен жүргөндөрдүн баарына ыраазымын. Тилекке каршы, мен үй-бүлөмдү азапка салып жатам. Мен өлгөндөн кийин денемди өрттөп, ата-энемдин мүрзөсүнө күл кылып чачып салууңуздарды суранам. Бардыгыңыздар жакшы калыңыздар", - деп жазган маркум Пак Вон Сонг.

Эске салсак, 2-июлдан бери дайынсыз болуп жаткан Сеул шаарынын мэринин жансыз денеси шаардан алыс эмес жердеги токойдон кечээ, 9-июлда табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Avrora2017
2020-07-11 12:44:52
Окубай койбойсунарбы анда стресс болбой, азыр жанылыктын баарында эле олум житим
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан