Кытайда нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен өлкөнүн бир канча провинцияларында 30 миллиондон ашуун жашоочулар жабыр тартты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта дайынсыз жоголгондордун саны 140 адамды түзөрү айтылат. Нөшөрлөп жааган жамгыр суу ташкындарына жана селге алып келген. Анын кесепетинен Цзянси, Хубэй, Хунань, Гуандун, Сычуань, Гуйчжоу, ошондой эле Гуанси-Чжуан автономдук району, Чунцин шаары жабыркаган. Бийлик 1 миллион 700 миң адамды чукул арада эвакуациялаган. Мындан сырткары 600 миң адам гуманитардык жардамга муктаж болууда.
Жамгырдын кесепетинен 270 миңден ашуун турак жай, 2 миң 600 гектара жакын айыл чарба аянты жабыркаган. Болжолдуу материалдык чыгым 61 миллиард 700 миллион юань (8 миллиард 900 миллион доллар) деп эсептелинип жаткандыгы айтылат.