Жер жүзүндөгү калктын саны 7 миллиард 800 миллиондон ашты

Жер жүзүндөгү калктын саны 7 миллиард 809 миллион 320 миң 722 адамга жетти. Мындай маалымат германиялык "Stiftung Weltbevölkerung - DSW" (Жер жүзүнүн калкы) фонду тарабынан маалым болгон.

Анда планетанын калкынын саны жыл сайын 82 миллион адамга көбөйүп жаткандыгы айтылат. Бул Германиянын жалпы калкынын санына барабар. Дүйнө жүзүндө ар секундада орто эсеп менен 2ден 6 балага чейин төрөлөт. Аталган фонддун эксперттери калктын санынын көбөйүшүнө айрым өлкөлөрдө пландалбаган кош бойлуулук себеп болуп жаткандыгын айтышкан. Мисалга алсак, Африка чөлкөмүндө бойго бүтүп калуусуна жол бербеген каражаттар бардыгына эле жеткиликтүү эмес. Ар бир аялга орточо эсеп менен 4 бала туура келет. Бириккен улуттар уюмунун болжолдуу изилдөөсүнө ылайык, 2050-жылы бул чөлкөмдө калктын саны 1 миллиард 300 миллион адамдан 2 миллиард 500 миллион адамга жетиши мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
maks992
2020-07-11 01:31:23
берекесин берсин
+2
Agayu
2020-07-11 02:17:33
Ооруларды ушул учун чыгарып жатышпайбы ДУЙНОЛУК ЛИДЕРЛЕР.
+8
AdylbekB84
2020-07-11 04:37:33
Жалган бул статистика Йеменде, Сирияда, Афганистанда, Ливияда элдер кырылып эле жатат аларда жан каттоо эмес жегенге нандары жок жүрүшөт! Вирустан канчалагандар көз жумуп жатышат! Кытай канча мусулманды жок кылды статистика жок!
+3
rola
2020-07-11 07:51:45
Ошого вирустарды жуктуруп атышабы?Каяктагы ооруларды чыгарып.Эми 5Gны орнотсо чекеден кыратго адамды.
-1
Mylatka..
2020-07-11 16:20:18
rola,балким 5ж ны тамызган үчүн пневмания болуп жаткандары эмне үчүн совид м-н пневманиянын бөлөк эсептеп жатышат??
0
keba300989
2020-07-13 11:34:21
Mylatka.., 5ж коюлса оорусу жок эле өлтүрөт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан