Түркиядагы атактуу Айя-София музейин мечитке айландыруу боюнча чечим чыкты

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Стамбулдагы атактуу Айя-София музейин мечитке айландыруу тууралуу жарлыкка кол койду. Бул жөнүндө чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Стамбулдагы Айя-София музейин мечитке айлантуу боюнча чечим 1934-жылы министрлер жыйынында кабыл алынган Айя-София мечитин музейге айлантуу тууралуу чечимди жокко чыгарган соң кабыл алынган. Мындай чечимди аталган өлкөнүн президенти Режеп Тайип Эрдоган кечээ, 10-июлда кабыл алган. Эми Айя-София музейи мечит катары элге ачылат.

Айя-Софияны Түркиянын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрк 1935-жылы мечитти музейге айландырган. Музей 1985-жылы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
TUMANaka
2020-07-11 15:27:05
Туура чечим
+1
Mylatka..
2020-07-11 16:18:26
Туура ,өздөрүнүн иши ....ар ким өз ишин өзү билет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан