"Мен үчүн бул дүйнөдөн кыздарын бооруна кысып, чекесинен сүйгөн ата көз жумду". Маркум Чубак Жалиловдун угарманы билдирүү жарыялады

Бүгүн түндө пневмониядан каза болгон белгилүү дин аалымы Чубак Жалиловдун угармандарынын бири социалдык тармактагы жеке баракчасына билдирүү жарыялады.

"Кызын бооруна кысып, маңдайынан сүйгөн "Ата" мен үчүн баарынан бийик турат!!! Жүрөктөр кайышып, бир кызыктай айрылуу баарыбызды эсеңгиретип койду. Ачуу кабарды угуп, жок чын эмес дегибиз келгени менен ажал менен азилдешип болобу?

Илим менен билимдин талканын чыгара үйрөнгөн, билгенине амал кылган, тааныган жандын баарына кичи пейилдик менен жакындашкан, адилетсиздиктин маңдайында күркүрөп турган аалым эле. Ооба, бул сөздөрдү жараштырып айта алган сейрек инсандын бири болду. Илим каалап артынан түшкөн экен Жараткан илим менен билимди, эрк менен пейилди кошо бериптир. Бул пикирлерди сизди тааныган жандын баары айтат.

Бирок мен үчүн бул дүйнөдөн кыздарын бооруна кысып, чекесинен сүйгөн ата көз жумду. Пайгамбардын изи менен баскан АДАМ! Ушул убакка чейин айткан акыл сөздөрүңүздү сиңирип, амал кылып жашай алсак, сиздин аманат кылып таштаган илим менен билимиңизге ээ чыга билүү артыңда калгандар үчүн чоң жеңиш. Бейишиңиз болсун!",
- деп жазган ал.

Чубак Жалилов пневмония илдетинен көз жумду
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dani
2020-07-11 13:07:09
Сабыр тилейм,жаткан жери жайлуу топурагы торкоо болсун, Аллахым бейишинен насип этсин
+5
nazira1989
2020-07-11 13:16:02
Атасын жоготкон кызы катары сизди жакшы тушунуп турам, Аллахым сабыр берсин баарыбызга!Ажынын жайы жаннатта болсун Ин шаа Аллах
+2
ferum96
2020-07-12 09:30:41
Кече кыз деп окугам, бугун угарманы болуп калганбы
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан