Бүгүн, 4-ноябрга карата республика боюнча 91 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, эң көп илдет аныкталгандар Бишкек шаарында (41) катталды. Калгандары:
Чүй облусу – 22
Ош облусу – 4
Талас облусу - 3
Ысык-Көл облусу – 14
Жалал-Абад облусу –2
Баткен облусу - 4
Өлкөдө жалпы 181 миң 590 адам коронавирус илдетин жуктуруп алган.